Surah 100 · 11 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah Al-'Adiyat in Kirghiz

In English with tafsir

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

100:1

وَٱلۡعَٰدِيَٰتِ ضَبۡحًا

Алкынып чуркаган тулпарларга ант

100:2

فَٱلۡمُورِيَٰتِ قَدۡحًا

(Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант

100:3

فَٱلۡمُغِيرَٰتِ صُبۡحًا

Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант

100:4

فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعًا

Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты

100:5

فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا

Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди

100:6

إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٌ

Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр

100:7

وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٌ

Буга анын өзү деле күбөдүр

100:8

وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَيۡرِ لَشَدِيدٌ

Ал байлыкты катуу сүйөт

100:9

أَفَلَا يَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِي ٱلۡقُبُورِ

Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда

100:10

وَحُصِّلَ مَا فِي ٱلصُّدُورِ

Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда

100:11

إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ يَوۡمَئِذٍ لَّخَبِيرُۢ

Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан

Translation: Shams Al Din Hakimov.